• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдөгү 670 миңден ашык адам пенсиясын өз убагында алат — Соцфонддун башчысы

Экономика 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Өлкөдөгү 670 миңден ашык адам пенсиясын өз убагында алат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында КР социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Ал маалымдагандай, Кыргызстанда 670 миӊден ашык пенсионер ар кандай категориядагы пенсия алат.

"Алардын ичинен 55%ы банкттардан пенсиясын алса, 45%ы пенсиясын почта бөлүмдөрүнөн алат. Келерки айда пенсияларды каржылоо толук көлөмдө жана каралган мөөнөттө ишке ашырылат, каржылоо 9-апрелде ачылып, 10-апрелден тарта банктардан жана почта бөлүмдөрүнөн төлөмдөр бериле баштайт”, - дейт Ирсалиев.

Соцфонддун төрагасынын айтымында, банктык картасы жокторго почта кызматынын кызматкелери пенсиясын үйлөрүнө жеткирип берет.

4-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 144гө жетти. Алардын ичинен тогуз адам айыккан жана илдетти жуктуруп алган 61 жаштагы адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий