• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандагы абалды туруксуздаштырууну каалашууда – Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 30.08.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Атамбаев шайлоодо административдүү ресурстарды пайдаланат деген кептер жүрүүдө. Бул өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу үчүн жасалып жатат”,-деди президент Алмазбек Атамбаев Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) модернизациялоо иштери менен таанышып жатып.

Анын айтымына караганда, 1,5 айдан соң Кыргызстанда жаңы президент болот.

“Мен декабрга чейин Кыргызстандын президенти болом, өлкөнү туңгуюкка алып келүүнү аракет кылгандарды жазалоого убактым жетет. Мен жалгыз эч нерседен корккон эмесмин, бүгүн күндө дагы коркпойм, себеби дегенде мени эл колдоп жатат. От менен ойнобогула, колуңар күйөт”,- деди президент.

Ошондой эле ал, өлкөнү бузуп-жарууга аракет кылгандар көп убакытка отуруп кала тургандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий