• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандагы адамдар ашыкча өлчөмдөгү туз жана кумшекер колдонот – Чечейбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну – тенденциялар, көйгөйлөр жана кийинки кадамдарды талкуулоо боюнча биринчи диалог өттү.

Өз сөзүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев саламаттыкты сактоо тармагында өткөрүлгөн бардык реформалар дайыма каржылоо жетишпеген дарылоого жана анын сапатына байланыштуу болгон.

“Каражат жеткен жок, бирок биз убакыттын өтүшү менен акча баары бир эч качан жетпейт экенин жана биздин калк дарыланса гана ден соолуктуу болбойт экенин түшүндүк. Оорунун алдын алуу жеңилирээк”, - деди министрдин орун басары.

Ал КРдагы адамдар көбүнчө инфекциялык эмес оорулардан каза болорун белгиледи. Бирок КРнын калкынын 50 пайыздан ашыгы жүрөк-кан тамыр ооруларынан, онкологиядан жана диабеттен көз жумушат.

“Биз баарынан мурда бир нече маанилүү нерселерге көңүл бурушубуз керек – туура тамактануу, себеби бул көп оорулардын алдын алышы мүмкүн. Анын ичинде аялдардын жана балдардын арасындагы анемия. Бул багытта бизде иш жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле өлкөбуздө йоддун жетишсиздигинин тенденциясы өзүн сактоодо”, - деди Чечейбаев.

Мындан тышкары министрдин орун басары КРдагы адамдар ашыкча өлчөмдөгү туз жана кумшекер колдоно турганын билдирди.

“Биздин эркектер аялдарга салыштырмалуу 10 жыл мурда каза болушат. Мунун баары туура эмес тамактануунун айынан. Биздин углеводго толгон кечки тамакка болгон сүйүүбүз ашыкча салмак кошууга алып келет, Андан инфаркт алышат”, - деди Чечейбаев.

Пикир

Оставить комментарий