• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандагы бала бакча жетишсиздигин кантип чечүү керек? Сунуштар

Билим 0

Бишкек, 27.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү сунушталууда.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова министрлик Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин алдындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен бирге типтүү келишим долбоорлору түзүлгөнүн билдирди.

“Анын алкагында бала бакчаларды ачуу пландалууда. Пилоттук түрдө Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылы тандалып алынды. Анда менчиктештирилип кеткен имарат кайра кайтарылып, толук оңдоодон өтүү алдында турат. Бул долбоор ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен иштелип чыкты. Кечээ чыккан министрлер кебинетинин №683 тескемесине ылайык, министрлик мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен жеке өнөктөштүктүн ар түрдүү формасын, механизмин иштеп чыгуусу керек”, - дейт ал.

Касымова Кыргызстанда балдардын 49 пайызы мектепке чейинки билим берүү программалары менен, 24 пайызы бала бакча менен камсыз болгонун кошумчалады.

“100 пайыздык камсыздоо үчүн 2 миң 600дөн ашык бала бакчаны куруу керек. Бул көрсөткүчкө бала бакчаларды этап-этабы менен курсак дагы жетише албайбыз. Ошондуктан жеке жактарды тартуу боюнча иштер жүрүүдө. Жеке жактарга насыя, жер бөлүп берүү боюнча ири долбоор даярдалып жатат. Токтом долбоору колдоо тапса, жакшы жыйынтыктарга жете алабыз”, - деди ал.

ЮНИСЕФ уюмунун өкүлү Кристин Жольм Кыргызстанда болжол менен эки миллион бала бар экенин айтып, ал жалпы калктын 40 пайызын түзөрүн белгиледи.

“Балдардын кичинесинен баштап өнүгүүсү өтө маанилүү. Анткени балдардын өнүгүүсү үчүн бир доллар өлчөмүндө салым кылсак, кийин жети доллар өлчөмүндө кайтарым болот. Бул боюнча илимий далилдер бар. ЮНИСЕФ ар бир төрт жылда изилдөө жүргүзүп турат. 2018-жылы балдардын мектепке чейинки билим алуусу 39 пайызды гана түзгөн. Бирок төрт жыл мурункуга салыштырмалуу өсүш бар. Биз бул көрсөткүчтү 80 пайыз же андан жогорку деңгээлге жеткирүүнү көздөөдөбүз”, - деди Жольм.

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн өкүлү Алмаз Курманбаев аталган айылда үч бала бакча иштей турганына токтолду.

“Үчөөнүн бирөөсү иштебегендиктен, жергиликтүү мектеп бала бакча катары дагы колдонулуп келүүдө. Эгер жаңы бала бакча ачылып калса, анда мектеп кеңейет эле. Сөз болуп жаткан бакча 60-70-жылдары курулуп, тилекке каршы, менчикке өтүп кеткен. Биздин айыл өкмөт соттошуп жүрүп, аны айыл өкмөттүн балансына кайтарып алганбыз. Бирок ал оңдоого муктаж. Бул бала бакчабыз долбоорго алынып, 2023-жылы ачылып калаарын күтүүдөбүз”, - деп айтат Курманбаев.

Белгилей кетсек, долбоорго кирген жана кире турган бала бакчалар акылуу болуп, калктын аярлуу катмарынын балдары үчүн акысыз болот.

Пикир

Оставить комментарий