• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандагы бала бакчаларды убактылуу жабуу боюнча буйрук чыкты

Коом 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 20-марттан тартып Кыргызстандагы бала бакчаларды жабуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымакта ылайык, 2020-жылдын 20-мартынан 8-апрелине чейин менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдарды эрте өнүктүрүү борборлорунун ишмердүүлүгү токтотулат.

Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары бул буйрукту менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, эрте өнүктүрүү борборлорунун жетекчилерине жеткирүүгө милдеттендирилди.

Ошондой эле бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, эрте өнүктүрүү борборлорунун жетекчилери буйрукту тиешелүү уюмдардын жетекчилерине жана ата-энелерге жеткирүү жана билим берүү уюмунун имараттарында эки күндүн ичинде санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү талабы коюлду.

Эмгек кодексинин 172-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, республикалык бюджеттен каржыланган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы сакталат.

Пикир

Оставить комментарий