• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бюджеттик жана жеке мекемелерде иштеген кызматкерлер канча маяна алышат? – эсептөөлөр

Экономика 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Кыргызстандагы жеке уюмдардын кызматкерлеринин айлык акысы бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин маянасынан 1,8 эсе көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статистика комитети билдиргендей, ушул жылдын январь-февраль айында бир кызматкердин номиналдык айлык акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 15 миң 226 сомду (218,1 доллар) түзгөн. Ал былтыркы жылга караганда 4,6%га өскөн.

"КМШ өлкөлөрү боюнча орточо айлыктын кыскача анализи көрсөткөндөй, Кыргызстандагы айлык акы (доллар менен алганда) башка өлкөлөргө караганда аз. Маселен, Россиядан 3 эсе, Казакстан менен Беларустан 2 эсе, Армениядан 1,5 эсе аз. Ошентип, Кыргызстан маяна боюнча Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдүн арасынан акыркы орунда турат", - деп билдирет мекеме.

Кыргызстанда кирешенин деңгээли адамдын кайсы тармакта иштегенине жараша болот. Мисалы, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу (33 миң 291 сом), маалымат жана байланыш (30 миң 795 сом), кендерди казып алуу(28 миң 982 сом), электр энергиясы, газ менен камсыздоо (26 миң 691 сом), унаа ишмердиги, жүктөрдү сактоо (21 миң 227 сом), кесиптик, илимий кызматкерлеринин (19 миң 73 сом) айлыгы жогору болгон.

Ошол эле мезгилде, искусство, эс алуу (8 миң 634 сом), айыл, токой чарбасы жана балык уулоо (10 миң 58 сом), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык тейлөө (10 миң 191 сом) жана билим берүү тармагында (10 миң 612 сом). иштегендердин маянасы аз болгон.

Ошентип, жыл башына карата жеке мекемелерде иштегендердин маянасы 21 миң 131 сом, ал эми бюджеттик тармактагылардыкы 11 миң 849 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий