• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ ЭБЧ курулууда

Экономика 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) курулууда.

Кыргызстанда аталган ЭБЧ үчүн «Датка» 500 кВ көмөк чордонунда атайын курула турган 500 кВ чөнөктөн 455 км ЭБЧ тартылып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун Тажикстандын чек арасына чейинки аймактары аркылуу өтөт.

Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери аткарылды: 727 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдор курулду, 632 тирөөчтүн чуңкурлары казылды, 563 тирөөчтөр арматураланды жана бетондолду, 389 тирөөч орнотулду. Аткарылган жумуштардын жалпы саны 1241.

Азыркы учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында активдүү иштер жүрүп жатат. Ишке 59 бирдиктеги атайын техникалар, машиналар, 76 бирдиктеги траспорттук каражаттар жана 300 жумушчу тартылып, анын дээрлик 65% жергиликтүү тургундар түзөт.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн адистерди мобилизациялоого 6 курулуш базасы курулду.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий