• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандагы COVID-19га каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу

COVID - 19 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Кыргыз-Россия Славян университетинин базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы, профессор Аида Зурдинова брифинг учурунда Кыргызстандагы COVID-19га каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу тууралуу маалымдады.

Анын айтымында, Sinopharm, AstraZeneca вакциналары эффективдүүлүгү жана коопсуздугу боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуш кылган эксперттик баалоодон өткөн.

“Бул вакциналар гуманитардык жардам катары келген. AstraZeneca - Оксфорд университинин вакцинасын изилдөөгө жалпы 11 636 адам катышып, анын эффективдүүлүгү 70,4% ды түздү. Бирок, тромбоздун өнүгүшү сыяктуу терс таасирлери жөнүндө көптөгөн жарыялар болгон. Бул жарыяларды жана маалыматтарды талдоонун натыйжалары боюнча, дарылоо жана алдын алуу боюнча клиникалык көрсөтмөлөр өзгөртүүлөр менен иштелип чыккан”, - дейт ал.

Зурдинова белгилегендей, Sinopharm вакцинасы 60 жаштан жогору бейтаптарда эффективдүүлүк болжол менен 76%ды түзөт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өзгөчө кырдаалдарда Кытайдын Sinopharm вакцинасын COVID-19га каршы колдонулуучу дары-дармектердин тизмесине кошуп, аны 18 жаштан жогору курактагы адамдарга үч-төрт жума аралыгында эки дозадан турган график менен эмдөөгө уруксат берди.

“Россиялык вакцина Gam-COVID-Vac/Sputnik V изилдөөсүнө 20 миңдей адам катышкан. Вакцина 21 күн аралыгында эки доза менен 91,6% эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Вакцина Россия Федерациясында 2-этаптан кийин катталып, 3-этабы, тилекке каршы, милдеттүү эмдөө компаниясы менен байланышкан. Ушул мезгилдеги коопсуздук профилинин маалыматтары эч жерде жарыяланган эмес. Ушуга байланыштуу, ал Россиянын медициналык коомчулугунда чоң талаш-тартыштарды жана карама-каршылыктарды жаратат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий