• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандагы эки чоң эстакадалык көпүрөнүн курулушу 95 пайызга аяктап калды — видео

Аймак 0


Бишкек, 14.10.21. /Уланбек Турдуканов - Кабар/. «Кабар» маалымат агенттиги Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал менен Тогуз-Торо районундагы эки чоң эстакадалык көпүрөнүн курулушунун жүрүшү менен таанышып келди.

Бишкек-Ош жолу ондогон жылдар бою өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн үзгүлтүксүз автоунаа транспорту менен байланыштырып турган жалгыз жол болуп эсептелет.

Жолдун абалы оор жүк ташуучу унаалар, жүргүнчү транспортторду каттоо жана коопсуздук боюнча азыркы талаптарга жооп бербегендиктен, ошондой эле акыркы убактарда автоунаалардын агымынын көбөйүшүнөн улам 2010-жылы альтернативдүү жол куруу маселеси келип чыккан.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу Орто Азиядагы ири долбоорлордун бири болуп саналарын жана курулуш иштери 2014-жылы башталганын эскертти.

«Долбоордун негизинде эки эстакадалык көпүрө салынып жатат. Бирөөнүн узундугу 1706 метр, экинчиси 396 метр. Ал эми бийиктиги 40 метр болсо, таянычтары 37 метр тереңдикке киргизилип бекитилген. Ошондой эле Тогуз-Торо районундагы катаал климаттык шартка ылайыкталып, жолду курууга майдаланган таш-мастикалык асфальт-бетон колдонулуп жатат. Мурдагы жолдор 10 тонна салмактагы автоунааны гана көтөрсө, азыркы жол 11,5 тонна салмактагы автоунааны көтөрүүгө ылайыкталып салынып жатканы менен өзгөчөлөнөт. Мурун жарандар Чаектен Казарманга чейин 5-6 саат жол жүрсө, жолдун ачылышы менен убакыт 4 саатка кыскарат», - дейт ал.

Досумбетов кошумчалагандай, эстакадалык көпүрөдөгү жумуштар 95 пайызга аяктап калды.

Мындар сырткары, узундугу 3,8 чакырым болгон Көк-Арт аркылуу өткөн туннель курулуп жатат.

Курулуш материалдарын көзөмөлдөөчү консультант Таалайбек Каныбек уулунун маалыматында, туннелдин 2290 метр узундугу казылып бүтүп, ортодо 957 метри калды.

«Бишкек-Ош жолундагы туннелден айырмаланып, Көк-Арттагы негизги туннелдин жанына кошумча туннель салып жатат. Өзгөчө кырдаалдар орун ала турган болсо ал кошумча жол аркылуу автотранспортторду жана элди эвакуация кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кошумча жолдун 3397 метри аяктап, 493 метринде жумуштар уланууда», - деди ал.

Таалайбек Каныбек уулу Көк-Арт аркылуу өткөн туннелде жумуштар күнү-түнү жүрүп жатканын белгилейт.

Аталган туннелдин курулуш иштери 2022-жылдын аягында эксплуатацияга берүү пландалууда.

Эскерте кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу «Кытай жол жана көпүрө» корпорациясы тарабынан курулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий