• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандагы эки окуу жай инклюзивдик билим берүүчү мугалимдерди даярдай баштайт

Билим 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги №48 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмуна барды.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул бала бакчада сүйлөөсү начар, угуусу начар жана акыл-эсинин өрчүүсүндө бузулуулар болгон балдар тарбияланат.

Алмазбек Бейшеналиев пандемия шартындагы иштин жүрүшү, бала бакчанын жалпы абалы менен таанышты. Министр балдар жана мугалимдер менен баарлашып, бала бакчанын кем-карчын сурады. Бала бакчага айрым жабдыктар (түстүү принтер, ноутбук жана 2 интерактивүү доска) жетишпей келген. Министр аталган жабдыктарды жакын арада бала бакчага жөнөтө тургандыгын билдирди.

Алмазбек Бейшеналиев бала бакчанын жетекчилигине министрликке кайсы багыттардагы мугалимдерге талап болуп жатканын көрсөтүүсүн тапшырды.

“Билим берүү министрлигинин долбоордук багыттарына ылайык, Арабаев атындагы улуттук университет жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту инклюзивдик билим берүүчү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү) мугалимдерди даярдай баштайт. Министрлик аларды бюджеттик негизде окутуп, даярдап берет”, - деди министр.

Ошондой эле министр өз сөзүндө учурда жалпы эле республикада атайын билим берүүчү бала бакчалар жетишпей тургандыгын, бул көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде чечишибиз керек, деди.

Пикир

Оставить комментарий