• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандагы эки ЖОЖдо инклюзивдик борбор негизделет

Билим 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Кыргызстандагы эки педагогикалык жогорку окуу жайдын базасында инклюзивдик борбор негизделет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, азыркы учурда инклюзивдик билим берүүгө өзгөчө басым коюу керек.

"Бул үчүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында инклюзия боюнча эки борбор негиздеп жатабыз. Ал жерге керектүү бардык лабораториялык материалдар коюлат. Мисалы, Брайль, дефектолог, логопед окуусу боюнча лаборатория ачылат", - деп жазган министр.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-июнда Билим берүүнү трансформациялоо саммити боюнча Кыргыз Республикасындагы улуттук консультациялар өттү.

Пикир

Оставить комментарий