• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандагы Эл аралык веломарафонго дээрлик 150 киши катышат

Спорт 0


Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда экинчи ирет Эл аралык тоо веломарафону өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары – Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Анын айтымында, экинчи ирет өткөн спорттук иш-чараны "Silk Road Mountain Race" компаниясы Туризм департаментинин колдоосу менен өткөрөт.

"Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнүн алкагында бул жылы дээрлик 40 ар кыл иш-чара планданган. Веломарафон алардын бири болуп эсептелет", - деди ал.

Максат Дамир уулу белгилегендей, веломарафон 17-августта Бишкекке жакын жерде башталып, 31-август күнү Чолпон-Атада жыйынтыкталат.

"Silk Road Mountain Race" компаниясынын башкы директору Нельсон Тристин айтымында, веложарыштын катышуучулары Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын аралап өтүшөт.

"Бул жылы баары болуп 27 өлкөдөн 148 киши катышат. Кыргызстандын атынан бул жарышка беш киши катышат. Велосипедчилер 1700 чакырым жолду басып өтүшөт. Соң-Көл, Көл-Төр жана Тамгада үч жолу өргү алат", - деди ал.

Ал белгилегендей, коопсуздук максатында марафонго тажрыйбалуу катышуучулар чакырылат.

"Түнөк, керектүү жарак-жабдык жана тамак-ашты катышуучулар өз моюнуна алат. Катышуу үчүн 300 фунт стерлинг акы алынат. Бирок, кыргызстандыктар үчүн 50% жеңилдик бар. Биз бул акчаны уюштурууга кеткен чыгымдарды жабуу үчүн чогултуп жатабыз. Велосипедчилерди эки тез жардам унаасы жана беш унаа коштоп жүрөт", - деди ал.

Өткөн жылы веложарышка 90 киши катышкан.

Пикир

Оставить комментарий