• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандагы этностук бирикмелердин маданий фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек. 24.12.18 /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда Т.Сатылганов атындагы филармониясында "Өнүккөн элет жерибиз, көп түрдүү кыргыз элибиз" аттуу этномаданий фестивал өтөт.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан элинин Ассамблеясынын этностук коомдук бирикмелеринин көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү андан соӊ концерт менен коштолот.

Фестивалга президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, ошондой эле Кыргызстанда жашаган этностордун өкүлдөрү катышат.

Маданий иш-чараны Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жана Кыргызстан элинин Ассамблеясы уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий