• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусуна 5 млн сомдук жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусуна 5 млн сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү 5 млн сомдон жогору.

Алар:

  • акча каражаттары – 2,5 млн сом;
  • 1,5 млн сомдук медикаменттер;
  • 1 млн сомдук 12 000 литр күйүүчү-майлоочу май – 3000 литрден КРнын ӨКМне, ИИМне, МЧКна, Коргоо министрлигине бөлүндү;
  • 100 комплект турмуш-тиричилик техникалары.

“Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусунда болуп өткөн кайгылуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алды. Күнөөсүз жарандарыбыздын өлүмү ар бир кызматкердин жүрөгүндө калды. Биздин мамлекетибиз үчүн бул чоң сыноо жана элибиз ынтымактуулугу, кайраттуулугу жана чыдамдуулугу менен баардык кыйынчылыктарды жеңет деп ишенебиз”, - деп айтылат маалыматта.

Компаниялар тобунун өкүлдөрү, ушундай оор учурда четте турбастан Баткен облусуна жана жабыр тарткан мекендештерге жардам көрсөтүүнү чечкендигин билдиришти.

Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусундагы куралдуу кагылышуудан көз жумгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт жана баардык жабыркагандардын тез сакайын кетишин каалайт.

Пикир

Оставить комментарий