• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандагы интернат мекемелеринде жана балдар үйүндө 12 миңден ашык бала тарбияланат

Коом 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Кыргызстандагы интернат мекемелеринде жана балдар үйүндө 12 миңден ашык бала тарбияланат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында "Балдар укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, 12-18-май күндөрү кыргызстандык делегация, жашоодо кыйын абалга туш болгон балдарга социалдык кызматтарды өнүктүрүү аркылуу интернат түрүндөгү балдар мекемесин реформалоо боюнча тажрыйбасын үйрөнүү үчүн Молдовага барышкан.

Турдубекова билдиргендей, ал визит КР президентинин аппаратынын алдындагы интернат түрүндөгү балдар мекемелери системаларын реформалоо боюнча Эксперттик топтун Иш планындагы иш-чараларынын бири болгон.

"Аталган топтун ишинин алкагында интернаттардын системасы талдоого алынып, аны реформалоо боюнча өкмөт үчүн кеңештер иштелип чыккан. Талдоонун жыйынтыгы боюнча, 2012-жылдан 2018-жылга чейин интернат жана балдар үйүндөгү балдардын саны артканы аныкталган. Эгер 2012-жылы балдардын саны 10 миң 908 болсо, 2018-жылы ал көрсөткүч 12 миң 2ни түзгөн. Интернаттагы, балдар үйүндөгү балдардын болгону 5%ы томолой жетим", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий