• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандагы күйүүчү майдын запасы жыл аягына чейин жетеби?

Экономика 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы өлкөдөгү күйүүчү майдын запасынын көлөмү, анын жетишсиздиги тууралуу көйгөйдү чечүү жөнүндө айтып берди.

Уюмдун маалыматына ылайык, алдын ала чыккан жыйынтыктарга караганда, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга 504,5 миң тонна мунай өндүрүмү импорттолгон. Анын ичинде бензиндин көлөмү 234 миң тоннаны түзсө, дизелдик күйүүчү майдын көлөмү 270,5 миң тоннаны түзгөн. Июлдун башына карата товар калдыктарынын көлөмү 84 миң тоннага жетип, анын 43 миң тоннасы бензин, 41 миң тоннасы дизелдик күйүүчү май болгон.

Ассоциациянын өкүлдөрүнүн айтымында, күйүүчү майдын азыркы запасы жыл аягына чейин жетпейт. Ассоциация республиканы күйүүчү майдын керектүү көлөмү менен камсыз кылуу көйгөйүн чечүү үчүн мунай өндүрүмүн Орусиядан гана эмес, Казакстандан да сатып алууну сунуштоодо.

Ошондой эле быйыл Орусиядан Кыргызстанга 410 миң тонна бензин, 335 миң тонна дизелдик күйүүчү май, 100 миң тонна реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн күйүүчү май жана 450 миң тонна мунайды кошумча төлөмү жок алып келүү каралууда.

Пикир

Оставить комментарий