• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандагы кесиптик-техникалык билим берүү. Абалы жана келечеги

Аналитика 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 6-февралда Бишкек шаарындагы №98 кесиптик лицейге барды. Мамлекет башчысы лицейдин иши менен таанышты, окуучулар жана окуу жайдын жамааты менен маектешти.

Президентке лицей маалымат технологиялары, телекоммуникациялар багыттары боюнча жана кардарлар менен иштөө чөйрөсү үчүн квалификациялуу кадрлар даярдай турганын айтып беришти. Андан тышкары, мында КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жиберилген жумушсуздар билим алышат.

undefined

Лицейде белгилешкендей, Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында региондордон келген жаштарды окутууга көп көңүл бурулууда. Регионалдык кесиптик-техникалык окуу жайларынын окутуучулары үчүн тренингдер дайыма өтүп турат.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай практиканы бүт республика боюнча колдонуу зарыл экенин канааттануу менен белгиледи. Ал келтирген статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкө боюнча 98 кесиптик окуу жайы болсо, республикада алардын 74 пайызы, ал эми Бишкекте 67 пайызы окуучулар менен толгон эмес. Мектепти бүтүрүүчүлөрдүн 30 пайызы гана ушул кесиптик окуу жайларга окууга өтүшөт.

undefined

«Албетте, биздин эл жогорку билимди баалайт, балдарын жогорку окуу жайларда окуткусу келет. Бирок, кесиптик-техникалык окуу жайларына болгон мамилени өзгөртүү керек. Азыр заман тез өзгөрүп, жаңы технологиялар турмушубузга ыкчам аралашууда. Жаштар турмушта өз ордун таап калуу үчүн кесипке ээ болуу да тездикти талап кылууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кесиптик-техникалык билим берүү тармагындагы абал тууралуу “Кабар” агенттигине КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы кесиптик – техникалык агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов айтып берди.

undefined

«Президент кесиптик-техникалык билим берүү системасындагы реформаны улантуу керектиги жөнүндө абдан туура айтты. Мамлекет башчысы билдиргендей, жыл сайын орточо эсеп менен 9 миң окуучу 9-класстан кийин кесиптик билим берүү системасынан алыстап, орто билим берүү мектептеринде окууларын улантышпайт. Президент ошондой эле адистерди даярдоо тармагындагы кесиптик-техникалык билим берүү системасы бүт өлкөгө кеңири тарашы керектиги билдирди. Анткени бул тышкы жана ички рыноктун талабы. Президент Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында региондордон келген жаштарды окутууга көп көңүл буруу тапшырмасын коюп, айрыкча маалыматтык технологияларга басым жасаш керектигин билдирди”, - дейт Чолпонкулов, Сооронбай Жээнбековдун №98 лицейге барган визити тууралуу кеп кылып жатып.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы кесиптик – техникалык агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкуловдун айтуусунда, учурда жалпы республика боюнча 98 билим берүү мекемеси иштеп жатат, алардын ичинен 6о ЖАМКтын түзөтүү мекемелеринин базасында. Бул жерде эркинен ажыратылгандарды окутушат. Бюджеттик негизде жылына орточо эсеп менен кесиптик-техникалык билим алган адамдардын саны 30 миңден ашат.

«Андан тышкары жылына 10 миңге жакын адам кыска мөөнөттү контракттык негизде билим алышат – бул жогорку жаштагы калк жана ишкананын же атайын жөнөтүлгөн кызматтардын эсебинен келген эмгек мигранттары. Ошондой эле баштапкы кесиптик билим алуу максатында өздөрү келген жарандар үчүн да окутуулар жүргүзүлөт», - дейт Чолпонкулов.

Ал техникалык кесип боюнча билим алууну каалагандардын саны өсүп жаткандыгы тууралуу айтып жатып, акыркы 5-7-жылда бюджеттик жана кыска мөөнөттү убакытта окугандардын саны өскөндүгүн баса белгиледи.

«Жыл сайын кесиптик-техникалык билим алууну каалагандардын саны туруктуу түрдө өсүүдө. Болжол менен 1000 адамга чейин. Эки багыт боюнча – бюджеттик жана кыска мөөнөттү окуу формасы. Биз жыл сайын анализ жүргүзөбүз. Кесиптик-техникалык билим алууну каалагандардын арасында жаштар жана улгайып калгандар да бар. Жаштар тууралуу кеп кыла турган болсок – алардын ата-энелери кийин жумуш таап кете турган кесипти тандоо керектигин түшүнүп калышты. Жарандар да баарын түшүнүп тандоо жүргүзүп калышты», - дейт агенттиктин жетекчиси.

Чолпонкулов билдиргендей, окуудан өткөндөн кийин 3 айдын ичинде орточо эсеп менен 70%ы кесиби боюнча жумушка орношуп кетишет. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында пайыздык көрсөткүч бир аз жогору, 80%га чейин жетет.

«IT, тигүүчүлүк жана башка айрым кесиптер учурдун талабына туура келген кесиптер, бул багыт боюнча жумушка орношуу 90%дан ашат. Алар жумушсуз калышпайт», - деп баса белгилеп өттү.

Агенттиктин директору кошумчалагандай, кесиптик-техникалык лицейдин бирден-бир артыкчылыгы – бул окуу маалында 50дөн 60%га чейин өндүрүштүк практикага жана стажировкага көңүл бурулат. Окуу учурунда ишкана, уюм, цехтерде иштеп, акча таап, ошондой эле жумуш орундарын алдын ала эле табып кетишет. Кесиптик-техникалык билим берүү кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий