• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандагы хоккей боюнча дүйнө чемпионатына 2 млн сомго жакын каражат бөлүндү

Спорт 0

Бишкек, 21.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов билдирди.

Нет описания.

Исмаиловдун айтымында, мелдешти өткөрүүгө бюджеттен 1 млн 924 миң сом бөлүндү.

“Каражат транспортко, баннерге, даярдык иштерине жумшалат”, - дейт ал.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев кошумчалагандай, Дүйнөлүк хоккей федерациясы тарабынан дагы каржылоолор болуп жатат. Алсак, чет элдик спортчулардын учуп келиши, жатаканасы жана тамак-ашына колдоо көрсөтүүдө.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк чемпионат 3-мартта Бишкекте башталып, ага Кыргызстан, Иран, Сингапур, Малайзия жана Кувейттин курама командалары катышат.

Пикир

Оставить комментарий