• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандагы китепкана менен музейлерди санариптештирүү керек

Коом 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Кыргызстандагы китепкана менен музейлерди санариптештирүү керек. Бул тууралуу Бишкектеги "Санарип доорунда китеп жана окуу" аттуу эл аралык конференциясында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов билдирди.

Анын айтымында, санарип мезгилинин келиши менен илимий адабиятта электрондук маданият, санарип маданият, ошондой эле компьютердик, мультимедиялык жана маалыматтык маданият түшүнүктөрү пайда болду.

"Китеп, китепкана, архив, музей өңдүү эстелик институттарды сактоо, жыйноо дүйнөнүн ааламдашып жаткан шарттарында улуттук коопсуздукту сактоо үчүн керек", - дейт Секимов.

Ал дүйнөлүк тенденция жана санариптештирүүдөн артта калбай өзүбүздүн маалыматтык электрондук булактарды түзүп баштоо зарылдыгын белгиледи. Башкача айтканда, электрондук китепкана, музей, маалымат база ж.б. түзүү керек.

Аталган конференция президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнүн санариптештирүү жылынын, КМШда жарыяланган Китеп жылынын алкагында өтүп, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын 85 жылдыгына арналган.

Конференциянын ишине Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Молдова, Россия, Өзбекстан, Украинанын Улуттук китепканаларынын директорлору, элчилик жана эл аралык уюмдардын башчылары, 150дөн ашык окумуштуу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий