• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандагы колледждердин бюджети реформаланат

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Кыргызстандагы колледждердин бюджети реформаланат, - деп маалымдайт Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министрликте Кыргызстандагы колледждердин бюджетин түзүүдөгү жаңы ыкмалар талкууланган тегерек стол болгон.

Реформанын негизги максаты – эмгек базары талап кылган кесипкөй адистерди даярдоо үчүн бюджеттен бөлүп берилген каражатты максаттуу пайдалануу жана кыздар үчүн колледждердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Тегерек столдо каржылоо нормативдерин аныктоо боюнча сунушталган жаңы методикалар жана колледжерди каржылоо эрежелеринин эсептөө методикалары талкууланды.

Каржылоонун жаңы методикаларынын апробациясы сегиз алдыңкы тажрыйба борборлорунда өтөт. Бул борборлор Кыргызстандын ар бир облусунда эң мыкты колледждердин практикаларын изилдөө, аны киргизүү жана өнүктүрүү үчүн ачылган.

Колледждерди каржылоонун эффективдүүлүгүн анализдөө “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү программасынын” колдоосунда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынын орто кесиптик билим берүү тармагын каржылоону реформалоо алкагында 2019-жылдын сентябрь айында башталган.

Пикир

Оставить комментарий