• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандагы колледждердин өкүлдөрү стратегиялык пландоону үйрөнүштү

Билим 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү стратегиялык пландоо аны баалоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча окутуудан өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү программасы” жардамында уюштурулган семинардын катышуучулары учурдагы кырдаалга анализ жүргүзүүнү, стратегиялык максаттарды, милдет жана иш-аракеттерди иштеп чыгууну үйрөнүп, стратегиялык башкаруу инструменттери менен таанышты.

Окутуу орто кесиптик билим берүүнүн потенциалын жогорулатуу жана республика боюнча алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүү иш-чарасынын алкагында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий