• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы калктын аярлуу катмарына жардам берди

Коом 0

Бишкек, 15.04.20./Кабар/. Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин ассоциациясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берди. Аны кабыл алуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр Самат Кылжыев, ошондой эле Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинин кызматкерлери катышты.

Самат Кылжыев Өкмөттүн атынан ыраазычылык билдирди, - деп маалымдайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кыргызстандагы Кытай ишкерлеринин ассоциациясы 50 килограммдык 550 кап ун, 5,5 тонна шекер жана 5 500 литр суу май алынган. Азык-түлүк муктаж жарандарга таратуу үчүн Жардам штабына өткөрүп берилди.

Бул гуманитардык жардам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында калктын аярлуу катмарына таркатылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кытай Эл Республикасынын жарандары буга чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ооруканаларда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине 600 даана коргоочу кийим берген.

Пикир

Оставить комментарий