• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандагы лидер аялдардын алгачкы курултайы Чүй облусунда өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. 25-августта Токмок шаарында Кыргызстандагы лидер аялдардын курултайынын биринчи этабы башталып, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, министрликтердин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курултай жигердүү аялдардын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын алдындагы Аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңешинин жана Айым депутаттар форумунун колдоосу менен уюштурулду. Иш-чара өлкөдө болуп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдү, аялдар кыймылынын коомдогу ордун жана ролун талдоого багытталган.

Курултайды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева ачты. “Бул Курултай өтө маанилүү! Анткени, бул аялдардын тилектештиги! Кыргызстанда калктын 50 пайызынан көпчүлүгүн аялдар түзөт. Бул иш-чарага алгач жер-жерлердеги айымдар анкеталарды толтуруп, лидер айымдарды тандадык”, - деди Аида Касымалиева.

Төраганын орун басары курултайдын уюштурулуу тарыхына жана максаттарына кыскача токтолуп, анын жыйынтыгы менен жаңы мыйзамдар, саясий документтер кабыл алынаарына жана чоң кадамдар жасалаарына үмүттөнгөнүн билдирди. “1996-жылы Кыргыз Республикасында аялдардын укугун коргоо максатында Аялдар, балдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Кыргыз Республикасында, Жогорку Кеңеште, аткаруу бийлигинде, айыл өкмөттөрдө, облустарда, мэрияларда аялдардын жигердүүлүгүн, жаратмандыгын, күчүн колдонуп, өлкөбүз алдыга жылышы керек. Курултайдын максаты – аймактардагы күчтүү лидер айымдардын башын бириктирүү. Мына ошондо чоң жетишкендиктер болот. Бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикасына салымын кошкон аялдар көп. Мындан улам тажрыйба алмашып, бири-бирибизди колдошубуз шарт”, – деп кошумчалады Касымалиева.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймактардан келген лидер айымдар “Аялдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду”, “Дени сак аял-ийгиликтүү мамлекеттин пайдубалы”, “Аймактардагы өнүктүрүү-аялдардын көз карашы” деген тематикада презентация жасашты. Ар бир лидер айым өзүнүн жетишкен ийгиликтери менен бөлүшүп, пикир алмашты.

Жыйынтыгында гендердик теңчиликке жетүү үчүн реалдуу аракеттерди көрүү жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүү үчүн жетиштүү шарт түзүү боюнча чечим кабыл алынды.

Кыргызстандагы лидер аялдардын курултайынын кийинки этабы Ош, Нарын облустарында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий