• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандагы медициналык уюмдарда дары-дармек жана жабдуулардын саны жетиштүү

Ден соолук 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Республикадагы медициналык уюмдарда дары-дармек жана шаймандардын запасы 1,5-2 айга жетет. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына бөгөт коюу максатында өткөн Республикалык штабдын отурумунда айтылды.

Жыйындын алкагында өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Улан Маматканов тарабынан өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан иш-чараларды күчөтүү, той-топурларды өткөрүүгө тыюу салуу жаатында рейддерди өткөрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча элге кайрылууларды жасоо, дары-дармек жана медициналык шаймандардын запасы жөнүндө калкка кеңири маалымат жеткирүү талаптары коюлду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев медициналык уюмдарды дары-дармек, жеке коргонуу каражаттары менен кеңири камсыздоо үчүн тендерлер өткөрүлүп жатканын айтат.

Каратаев COVID-19 оорусун ооздуктоодо мүмкүн болушунча үйдө обочолонуу, жарандардын беткап тагынуусу, адамдардын ортосунда бир метрден кем социалдык аралыкты кармоо, өздүк гигиенаны сактоо маанилүү экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий