• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандагы мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт

Билим 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Кыргызстандагы мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 22-мартта Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегияда билдирди.

Министрдин айтымында, өлкө боюнча 2 миң 500 директор бар. Алар төмөнкү багыттар боюнча окутуудан өтүшөт:

- азыркы замандагы мектеп директору кандай болушу керек?

- мектеп директору ар кандай эл аралык коомчулуктан, каржылык институттардын грант алуу үчүн кантип долбоор жазуу керек?

- ЖРТда кантип жалпы деңгээлди көтөрүү керек?

- PISA-2025 эл аралык изилдөөсүндө Кыргызстандын беделин көрсөтүү үчүн даярдыктарды күчөтүү.

Пикир

Оставить комментарий