• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандагы соода түйүндөрүнө социалдык маанилүү товарлардын баасын жогорулатпоо сунушталды

Коом 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин төрагасы Кеңешбай Тайлаков соода түйүндөрүнө социалдык маанилүү товарлардын баасын жогорулатпоону сунуштады.

Белгилей кетсек, бүгүн Тайлаков ири соода түйүндөрүнүн социалдык маанилүү товарлардын баасын негизсиз көтөрүүсүнө жол бербөө максатында, коңшу Казакстандагы кырдаалга байланыштуу жумушчу жыйын өткөрүп, ага «Народный», «Глобус», «Фрунзе», «Яр-Марка» соода түйүндөрүнүн жана КРнын ун-сүт ишканалар бирикмесинин төрагасы катышты.

Мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, Тайлаков соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнө монополияга каршы мыйзамдардын алкагында, өзгөчө социалдык маанидеги товарларга карата катуу иштөөнү сунуштады. Ошондой эле социалдык багыттагы баа саясатын камсыз кылуу жана колдоо боюнча иштерди жүргүзүү жана социалдык маанидеги товарлардын зарыл запастарына ээ болуунун зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий