• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандагы социалдык объектилердин айланасына 2 млн. көчөт отургузулат

Коом 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын шаарларындагы жана калк жашоочу аймактарындагы социалдык объектилердин айланасына быйыл 2 миллион көчөт отургузулат. Облустардагы жашылдандыруу боюнча иш-чаралар Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жүргүзүлүүдө.

Токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин жана токой ресурстарын туруктуу башкаруу бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Алиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдиргендей, бактардын көчөттөрү бекер жана этап менен берилүүдө.

“Жыл сайын токой экосистемаларын өнүктүрүү үчүн 2 миллион көчөт отургузулат. Анын ичинен жазында 25 миллион сомдук 600 миңден ашуун көчөт берилген. Алар бекер берилет”, - деди ал.

Бактар биринчи кезекте сел коркунучу жаралган жер тилкелеринде жана оорукана, бала бакча, мектеп сыяктуу социалдык объектилердин аймагына отургузулат. Сел коркунучунун алдын алуу жана жашылдандыруу максатында токой чарбасы 1,6 гектар жасалма токойлордун аянтына көчөттөрдү отургузат.

Андан сырткары Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жашоочуларына жаңгак, мисте жана миндаль бактарын отургузууга 300 миң гектар жер бөлүнүп берилген.

Бүгүнкү күнгө карата Алиевдин маалыматына караганда, токойлор Кыргызстандын 5,62 пайызын ээлейт. Жыл өткөн сайын республикадагы жашыл жерлердин аянты көбөйүүдө.

“Кыргызстандын токой чарбасы 1967-жылы негизделген. Анда анын аталышы “Леспромхоза” болчу. Тагыраак айтканда, ал токойлордун баарын кыюу менен алектенчү. Инвентаризациянын маалыматына караганда, 1960-жылы республикадагы токойлордун жалпы аянты 6 пайызды түзгөн. Бул 1 гектардан ашык жер. Индустриализациянын жыйынтыгында 3 пайыз токой кыйылган”, - деди Алиев өлкөдөгү токойлордун кыскарышынын себептери боюнча.

2012-жылдагы токойлорду инвентаризациялоо көрсөткөндөй, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги түзүлгөндөн тарта жүргүзүлүп жаткан иштер Кыргызстандагы токойлордун аянтын 5,62 пайызга көбөйткөн.

Пикир

Оставить комментарий