• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандагы түрмөлөрдө “Жайшуль Махди”, “Жабхат ан-Нусра” жана “Хизб ут-Тахрирдин” соттолгон мүчөлөрү бар

Коом 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын түрмөлөрүндө “Жайшуль Махди”, “Жабхат ан-Нусра” жана “Хизб ут-Тахрир” террордук жана экстремисттик уюмдарынын соттолгон мүчөлөрү бар. Бул тууралуу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жарандык коомдо дагы бул “кыймылды” токтотуу үчүн чоң профилактикалык иш керек.

“Анын мааниси булар адамдардын курмандыктарына, материалдык зыянга алып келерин, адамдар өздөрүнүн идеяларынын катасын түшүнүүсүндө. Аларга диндин тууралыгын түшүндүрүү керек. Ал үчүн диндин негиздерин билген адистер иштөөсү зарыл”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий