• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандагы күнөсканалар чет өлкөдөгүлөргө салыштырмалуу 10 эсе аз түшүм берет – Токтогазиев

Коом 0

Бишкек, 31.07.18. /Кабар/. Кыргызстандагы күнөсканалар чет өлкөдөгү күнөсканаларга салыштырмалуу ондогон эсеге аз түшүм берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө КРнын күнөскана ассоциациясынын директору Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын айыл чарбасы азыр өтө начар абалда.

“Биз экспортко аябай көз каранды болгондуктан атаандаштык жөндөмүндө коңшу өлкөлөрдөн артта калып жатабыз. Товардын айланышын көбөйтүү үчүн биз чара көрүшүбүз керек”, - деди ал.

“Бизде чоң субсдиялар жок жана биз бир гана жаңы технологияларды колдонуу менен маселени чечишибиз мүмкүн. Мисалы, Кыргызстанда күнөсканалардан жылына 1 чарчы метр жерден 20-25 килограмм жер-жемиш чогултса болот. Ал эми Голландияда 200 килограмм түшүм алса болот. Бул деңгээлге жетүүгө аракет жасашыбыз керек. Бирок климатты өзгөртө албаганыбыз үчүн чектелебиз, андыктан жаңы технологияларды колдонсок болот”, - деди Токтогазиев.

Ошондой эле ал күнөсканаларда иш кандай жүрүп жатканын байкоо үчүн атайын тиркеме иштеп чыгууга боло тургандыгын кошумчалады.

“Мындай тиркеме менен адамдар кандай иштеп жатканын карап турууга болот. Ушундай жол менен биз абалды көзөмөлдөп турабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий