• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандагы тышкы миграциянын негизги себептери айтылды

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Миграциянын эң негизги себеби – жер-жерлерде эмгек орундарынын жоктугу. Бул тууралуу мигранттардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарада Эл аралык эмгек уюмунун улуттук координатору Болотбек Ороков маалымдады.

Анын айтуусунда, миграциянын негизги себеби өзгөчө айыл жергесинде – жумуштун жоктугу.

“Эмгек мигранттар көп учурда күчкө салып иштетүү, сатуу жана сексуалдык мажбурлоого ж.б. кабылышат. Жарандар жакшы жашоо жана жакшы иш шарттарын издеп кетишет. Анткени, Кыргызстанда жумуш орундарынын сапаты начар. Ар бир иштеген киши социалдык жактан колдоо көрүшү керек, ал эми Кыргызстанда бул маселе боюнча көйгөйлөр бар. Ошондой эле биздин мигранттар үчүн социалдык камсыздандыруу маселеси көгөйлөрдү жаратат, анткени биздин жарандардын көбү жумушка киргенде эмгек келишимине кол коюшпайт”, - деди Ороков.

Пикир

Оставить комментарий