• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандагы улуттардын биримдигин сактоо – мамлекеттик маанилүү милдет - Ж.Разаков

Өкмөт 0

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. Кыргызстандагы улуттардын биримдиги, элдин рухий жана маданий жалпылыгы туралуу идеяларды калыптандыруу жана жайылтуу мамлекеттик маанилүү милдет болуп саналат. Бул маселелерди үй-бүлөлөрдүн, билим берүү, маданият, спорт мекемелеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук уюмдардын жигердүү катышуусу менен чечүүгө болот. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүн, 31-майда, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын биринчи кезекте ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алтынчы жыйынында билдирди.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, концепцияны ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдарда биринчи кезектеги иш чаралардын Планы 36 пунктан турат.

Концепциянын планын аткарууда төрт багытта иш алып барылды. Булар- чыр-чатактарды болтурбоонун алдын алуу системасын түзүү, этностор аралык мамилелерди мамлекеттик укуктук жөнгө салуу, мамлекеттик тилдин бириктирүүчу ролу жана тилдик көп түрдүүлүктү өнүктүрүү.

Ыкчам маалымат алмашуу жана кабыл алынган чаралар үчүн республикалык деңгээлде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча система түзгөн.

Аталган системага 15 полиэтникалык райондор жана республикадагы 5 шаардык, райондук мамлекеттик администрациялар астындагы коомдук каабылдамал, чыр-чатактуу даражадагы аймактардын электрондук картасы менен түзүлгөн мониторинг борборлору кирген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттар аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча бир катар мыйзамдары, укуктук-ченемдик актылары чогултулуп конкреттештирилүүдө.

Шаарларда жана облустарда «Мен –Кыргызстандын жаранымын», спартакиадасы, «Ынтымак» республикалык этнофестивалы өткөрүлдү.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2016-2017- окуу жылында педагогика багытында 2095 грант, анын ичинде 585и тил боюнча адистерге бөлүнгөн.

Программанын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн көп тилдүү окутууга 2015-жылдын 1-сентябрында жогорку окуу жайлардын 90 окутуучусу квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүштү. Техникалык предметтерди окутууда тилдерди үйрөнүү боюнча жергиликтүү жана чет элдик университеттердин бирдиктүү усулу иштелип чыгууда. Мамлекеттик тилди окуп үйрөнүү этникалык топтордун коомго аралашуусун жакшырат.

Жыйындын соңунда 2016-жылы жана 2017-жылдын 1-кварталында иш чаралардын планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий