• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандагы Жалпы улуттук аза күтүү күнүнө карата КРдагы БУУнун билдирүүсү

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Кыргызстан бүгүн коронавирустан курман болгон кишилерге аза күтүүдө. Ага байланыштуу Кыргызстандагы Бириккен Улуттук Уюму (БУУ) билдирүү таратты.

Анда төмөнкүдөй деп айтылат:

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюму бүгүн өлкөдө COVID-19 пандемиясынан каза тапкандарды эскерүү менен бирге жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө көңүл айтат. Биздин тилектерибиз жана ойлорубуз бул илдеттен жапа чеккендердин баарына багытталат жана учурда көрүнгүс душман менен күрөшүп жаткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз.

COVID-19 пандемиясы саламаттыкты сактоо жаатындагы кризистен дагы терең экени глобалдык деңгээлде айкын болду. Анын социалдык-экономикалык таасири өлкөнүн баардык жарандарына тийди, кесепети кыйла убакытка чейин сезиле бермекчи. Ал коомубуздун эң аярлуу катмарларына, мурасыбызды, ата-тегибизди бизге билдирип, чыдамдуулукту көрсөтүү үчүн жаштарыбызга үлгү болгон карыларыбызга, ошондой эле аялдарга, мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга жана кесипкөйлүк, асылзаттык жана эрдик менен күн сайын адамдардын өмүрүн сактоо үчүн өз милдеттерин аткарган саламаттыкты сактоо кызматкерлерине өзгөчө катуу тийди.

COVID-19 канчалык коркунучтуу болуп көрүнбөсүн аны жеңсе болот. Биз сандардын акырындык менен азайып жатканын көрүп турабыз. Вирусту мындан да чектеп, адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн, ошондой эле өлкөнү тез калыбына келтирүү үчүн бекем негиз түзүү максатында баарыбыз тең бири-бирибиздин алдыбызда болуп көрбөгөндөй жоопкерчиликти жана боорукерликти көрсөтүшүбүз керек. Туруктуу өнүгүүгө жетүү максатында тез жана натыйжалуу нормалдаштыруу мүмкүндүгүбүз бар. БУУ системасы Кыргызстан эли менен тилектеш жана биз ушул кыйын күндөрдөн бирге чыгабыз.

Пикир

Оставить комментарий