• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандагы жана бир катар КМШ мамлекеттериндеги энергетикалык ресурстарга карата баалар жөнүндө

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Кыргызстандагы жана бир катар КМШ мамлекеттериндеги энергетикалык ресурстарга карата баалар жөнүндө маалымат таратты.

КММ карата баалар боюнча

2016-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы ортосунда мунайзат жана мунайзат продуктуларын жеткирүү жаатында кызматташуу тууралуу Өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Аталган келишимдин Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчөлүгү катары, ириде россиялык мунайзатты жана мунайзат продуктуларын республиканын ички керектөөсү үчүн бажы алымын төлөөсүз импорттоо мүмкүндүгү болуп саналат. Мындай ташуулардын көлөмү жыл сайын тараптар аркылуу макулдашылган индикативдик баланста каралат.

Аталган стратегиялык чечим Кыргыз Республикасынын КММ муктаждыгын жеткиликтүү баада камсыздоого мүмкүндүк берет жана ташуулардын жетиштүү көлөмүнө кепилдик берет, анткени, мунайзат өлкөнүн улуттук экономикасын түзүүдө мааниси чоң жана экономиканын бардык тармактарында пайдланылат, ал эми мунайзат продуктуларына карата баа жыйынтыгында бардык товарлардын, иштердин жана тейлөөлөрдүн өздүк наркына таасирин тийгизет.

Төмөндө ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөгү КММ орточо баасы боюнча салыштырма таблица көрсөтүлгөн.

сом/л, КРУБ курсу боюнча 20.09.2020-ж. карата

КММ аталышы

Кыргыз Республикасы

Казакстан

Республикасы

Россия Федерациясы

Беларусь

Армения Республикасы

Аи-92

31,7

28,8

45,3

51,3

52,1

Аи-95

36,0

32,9

50,0

54,2

55,3

Дт

34,7

34,8

50,0

54,2

58,6

Таблицадан көрүнүп тургандай, Россияда (Кыргыз Республикасы ал жактан КММ импорттойт) КММ карата чекене баа Кыргызстанга салыштырмалуу жогору. Бул бааны түзүүдө 65% салык ээлегендигине байланыштуу.

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөр арасында Казакстанда (экспорттоочу өлкө) бензинге карата эң төмөнкү чекене баа болгондугу Казакстанда КММ акциздик салык Кыргыз Республикасына салыштырмалуу төмөндүгүнө байланыштуу.

сом/л, КРУБ курсу боюнча 20.09.2020-ж. карата

Казакстан

Кыргызстан

Бензин

24435 тенге (4590 сом)

5000 сом

ДТ

600 тенге (104 сом)

400 сом

Башкача айтканда КМШ өлкөлөрүндөгү КММ карата баалардын айырмачылыгы салык, алым, жана мамлекет тарабынан сунушталган субсидиялардан көз каранды.

Кыргыз Республикасы КММди негизинен импорттоочу жана өздүк ресурстар ички муктаждыкты жабуу үчүн жетишсиз экендигине карабастан, республикадагы мунайзат продуктуларына карата баа башка ЕАЭБге мүчө-өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн болуп саналат.

Россия менен 4 жылдан ашуун мезгилдеги стратегиялык кызматташтык Кыргыз Республикасына республиканын керектөөчүлөрүн калкты мунайзаттын керектүү көлөмү жана жеткиликтүү баа боюнча камсыздоого мүмкүндүк берүүдө. Ага жараша товарларга, иштерге жана тейлөөлөргө баалардын өсүшү кармалып келүүдө.

Электр энергиясына баалар боюнча

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн электр энергиясынын баасы КМШ өлкөлөрүндөгү эң төмөнкү баа болуп саналат.

Анын себеби катары дээрлик бардык (90 % ашуун) электр энергиясынынын гидроэлектр энергетикалык станцияларда өндүрүлүшү эсептелет, бул электр энергиясын иштеп чыгуунун эң арзан түрү болуп саналат.

Маалымдама: 2019-жылы «Электр станциялары» ААК электр энергиясын иштеп чыгуунун өздүк наркы 1 кВтс үчүн 51 тыйынды түзсө, ЖЭБде 1 кВтс үчүн 358 тыйын саналат.

Коңшу жана КМШ башка өлкөлөрүндө электр энергиясын иштеп чыгуу булактарынын катышы ар-кандай, бул электр энергиясын өндүрүп чыгуунун өздүк наркына түздөн-түз таасирин тийгизет. Негизи, КМШ көптөгөн өлкөлөрүндө салыштырма салмагынын көбүрөөк бөлүгүн жылуулук энергетикалык станциялары түзөт.

Мындай катнашта электр энергиясын өндүрүү үчүн отун алууга көп чыгым кетет, бул өздүк нарктын жана электр энергиясынын тарифтеринин жогорулашына алып келет.

Төмөндө ачык булактардан алынган КМШ өлкөлөрүндөгү калк үчүн электр энергиясына тарифтер боюнча маалыматтар келтирилген.

19.09.2020-ж. карата АКШ доллары менен

Өлкөлөр

Орто айлык акы

Электр энергиясынын 1 кВтс үчүн тариф

Электр энергиясынын 1 кВтс үчүн тариф (сом)

Армения

$ 383

(182миң драм)

$0,07 — $0,09

(34,98 – 44,98 драм)

5,74 – 7,38

Азербайжан

$ 318

(542 манат)

$0,04 — $0,06

(0,07-0,11 манат)

3,27 – 5,13

Грузия

$ 318

(785 лари)

$0,05 — $0,09

(0,15-0, 27 лари)

3,65 – 6,56

Беларусь

$ 470

(944 рубль)

$0,06 — $0,1

(0,12 – 0,21 рубль)

3,65 – 6,39

Казакстан

$ 437

(168 489 тенге)

$0,06 — $0,08

(15,21-26,06 тенге)

2,82 – 4,83

Россия

$ 718

(46 503 рубль)

$0,1

(5,38 руб.)

5,54

Тажикстан

$ 121

(1 169 сомони)

$0,02

(0,168 сомони)

1,28

Украина

$ 400

(9 878 гривен)

$0,03

(0,9 гривен)

2,51

Өзбекстан

$ 218

(1,8 млн сум)

$0,02

(204,3 сум)

1,57

Кыргызстан

$ 225

(15 018 сом)

$0,01

(700 кВтс чейин 0,77 сом)

700 кВтс чейин 0,77 сом андан ашык болсо 2,15 с.

Ишканалар үчүн 2,25 сом

Тактап айтканда, Россияда электр энергиясы жылуулук, гидро жана атомдук электр станцияларында иштетилет, мында катнаш гидроэнергетикадан чыгымдуу саналган жылуулук станцияларынын пайдасына оойт. Мында Россиянын бирдиктүү энергетикалык тутумунда жылуулук электр станцияларынын Россиянын электр станцияларынын жалпы кубаттуулугунун 67,7% түзөт. Россияда гидроэнергетикалык электр станциялары жалпы энергетикалык кубаттуулуктун 20 % ээлеп, атомдук энергетика белгиленген кубаттуулуктун 12% ээлейт.

Ошондуктан Россиядагы калк үчүн тарифтер орточо 0,1 АКШ долларын, же 1 кВтс үчүн 7-8 сомду түзөт, ал эми Кыргызстанда – 1 кВтс үчүн 0,01 АКШ доллары, же 0,77 сомду түзөт.

Арменияда да ушундай. Өлкөдө эки жылуулук электр станциясы иштейт, АЭС бир блогу жана электр станциялар каскады. Электр энергиясын иштеп чыгуунун жалпы көлөмүндө атомдук электр станциясында бардык электр энергиясынын 40 % өндүрүлөт, жылуулук электр станциясында 30%ы жана 30% ы гидростанцияларда өндүрүлөт. Көрүнүп тургандай, бул учурда да

электр энергиясын өндүрүүнүн жогорку өздүк наркы жөнүндө айтууга болот. Арменияда калк үчүн тарифтер орточо 0,08 АКШ долларын, же 1 кВтс үчүн 5-6 сомду түзөт.

Казакстанда жана Азербайжанда жалпы электр энергиясынын 87%ы жылуулук электр станциясында өндүрүлөт, өлкө муктаждыгынын болгону 10%ы гидроэнергетикалык ресурстардын эсебинен камсыздалат. Натыйжада, электр энергиясына карата негизги тарифтер калк үчүн 0,06 ден 0,08 АКШ долларын, же 1 кВтс үчүн 6 сомго чейинки бааны түзөт.

Беларустун электр энергетикасынын негизин жылуулук электр станциялары түзөт, алар жалпы электр энергиясынын 99,9% иштеп чыгарат. Отун катары жаратылыш газы жана отун мазуту колдонулат. Тийиштүү түрдө, электр энергиясына карата калк үчүн тарифтер 0,1 АКШ долларын, же 1 кВтс үчүн 7,9 сомду түзөт.

Эскертүү: талдоо жүргүзүүдө ачык булактардан алынган маалыматтар пайдаланылган

Натыйжада, Кыргызстанда электр энергиясын иштеп чыгуунун өздүк наркы төмөндүгүнө жана социалдык багыттуулугуна байланыштуу ага карата эң төмөнкү тарифтер болуп саналат.

Мында бүгүнкү күндө мамлекет энергетикалык кубаттуулуктарды кеңейтүү үчүн потенциалдуу инвесторлор менен кызматташуунун кошумча мүмкүндүктөрүн иштеп чыгууну улантууда (гидороэнергетикадагы жана энергиянын жаңыланып туруучу булактарындагы жаңы ири долбоорлорду ишке киргизүү жана альтернативдүү отун ресурстарына өтүү (газ жана көмүр).

Аталган чаралар келечекте электр энергиясына карата бааларды төмөндөтүүгө жана өлкөдөгү калк тарабынан энергетикалык ресурстарды керектөө булактарын диверсификациялоого мүмкүндүк берет.

Жаратылыш газына карата баалар боюнча

КМШ өлкөлөрү боюнча газ менен камсыздоо ишин талдоого алуу төмөндөгүлөрдү көрсөтөт.

Негизги шарттар боюнча КМШ өлкөлөрүн 2 категорияга бөлүү зарыл: өздүк жаратылыш газын өндүргөн өлкөлөр жана жаратылыш газын импорттоочу өлкөлөр.

Өздүк жаратылыш газын өндүргөн өлкөлөргө Өзбекстан, Казакстан, Россия, Азербайжан кирет.

Жаратылыш газын импорттоочу өлкөлөргө: Армения, Грузия, Белоруссия, Украина жана Кыргыз Республикасы кирет.

Буга байланыштуу жаратылыш газын өндүрүү, импорттоо, ташуу жана тарифтердин баасы өлкөлөр аралык керектөөчүлөр үчүн кескин айырмаланып турат.

Жаратылыш газын өндүргөн өлкөлөр салыштырмалуу төмөнкү тарифти кое алат, ал жаратылыш газын башка өлкөлөргө экспорттоо эсебинен субсидияланат.

Алсак, төмөндө өндүрүлгөн жерине жараша акыркы керектөөчүлөр үчүн жаратылыш газына карай тарифтер келтирилген.

Жаратылыш газын өндүргөн өлкөлөр

Жаратылыш газынын 1 м. кубу үчүн тариф

Азербайжан

$0,12 (0,2 манат)

Казакстан

$ 0,07 (29,5 тенге)

Россия

$ 0,01 (7,2 руб.)

Өзбекстан

$ 0,03 (350 сум)

Жаратылыш газын импорттоочу өлкөлөр

Жаратылыш газынын 1 куб м. кубу үчүн тариф

Армения

$0,25 (121.0 драм)

Грузия

$ 0,36 (0,95 лари)

Беларусь

$ 0,18 (0.46 рубль)

Украина

$ 0,33 (9,29 гривен)

Кыргызстан

$ 0,22 (17,3 сом)

Таблицадан көрүнүп тургандай, акыркы керектөөчүлөр үчүн жаратылыш газына карай тарифтер импорттоочу өлкөлөр арасында Кыргызстанда (Беларусту эске албаганда) эң төмөн.

Маалымдама: Беларусь жаратылыш газы боюнча транзиттик өлкө (Россиялык газды Европага негизги транспорттоочу). Буга байланыштуу аларда башка өлкөлөргө салыштырмалуу өзгөчө шарты бар.

Өзгөчө белгилей кетүү керек, жаратылыш газын сатып алуу наркы орточо алганда жыйытык наркынын 66,8% ээлейт. Буга катар сатып алуу көлөмү чоң мааниге ээ.

Алсак, төмөндө өлкөлөр ортосундагы жаратылыш газын импорттоонун көлөмү жана наркы келтирилген.

Жаратылыш газын импорттоочу өлкөлөр

Жаратылыш газынын 1000 м. кубу үчүн тариф

Сатып алуу көлөмү

(жылына млн м куб)

Армения

$ 165

2 000 млн. м3

Грузия

ачык булактарда маалыматтар жок

Беларусь

$ 127

20 000 млн м3

Украина

$ 250

32 000 млн м3

Кыргызстан

$ 150

306 млн м3

Таблицадан көрүнүп тургандай, Кыргызстан тарабынан жаратылыш газын сатып алуу (керектөө) көлөмү башка импорттоочу өлкөлөргө салыштырмалуу көлөмдүү эмес. Ошол эле учурда жаратылыш газын сатып алуу баасы башка импорттоочу өлкөлөргө (Беларусту эске албаганда) салыштырмалуу эң төмөн.

Натыйжада, Кыргызстан үчүн энергетиканын маанилүү түрү катары жаратылыш газы саналат. Жаратылыш газына карата баалар жаратылыш газын импорттоочу өлкөлөр арасында өтө төмөн болуп саналат.

Кыргызстанда жаратылыш газына карата бааларды кескин төмөндөтүүгө Россия менен стратегиялык өнөктөштүк мүмкүндүк берди. Аталган кызматташтык ошондой эле Кыргызстанга энергетикалык ресурстарды керектөө булактарын диверсификациялоо боюнча натыйжалуу ишти баштоого мүмкүндүк берет (электрди жана көмүрдү пайдалануудан газга өтүү).

Маалымдама: калктуу пункттарды газдаштыруу программасынын алкагында газдаштыруу деңгээлин жогорулатуу (22% - 2014-ж жана 32% - 2019-ж) боюнча иш жүргүзүлгөн жана ал, иш улантылууда. Өлкөнүн негизги жылуулук менен камсыздоочу мекемелери жаратылыш газына өткөрүлүүдө, калкты көмүрдөн жана электрден жаратылыш газына, ошондой эле коомдук транспортту КММ ордуна жаратылыш газын колдонууга өткөрүү боюнча программа активдүү жүрүүдө.

Жалпылап айтканда, Кыргызстанда КМШ аймагындагы КММ жана электр энергиясына карай эң төмөнкү баалар орун алган. Жаратылыш газына карата баалар да импорттоочу өлкөлөр арасында арзан, мында өлкөгө жаратылыш газын ташуу наркына транспортко кеткен чыгымдар жана газ ташуу көлөмү өз таасирин тийгизет.

Пикир

Оставить комментарий