• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Кыргызстандагы ЖОЖдордун арасындагы инновациялык идеялар» конкурсу жыйынтыкталды

Билим 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. «Кыргызстандагы ЖОЖдордун арасындагы инновациялык идеялар» конкурсу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак 2018-жылы бизнес жана жогорку окуу жайлар ортосундагы маданий инновациялык кызматташууну, жумшак көндүмдөр (soft skills) аркылуу билим берүүнүн жаңы методдорун түзүү максатында уюштурулган.

Үч этаптан турган сынактын катышуучу студенттеринин арасында жумшак көндүмдөр (soft skills), окуу пландар, суллабустар жана жумшак көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн окутуучулар тарабынан колдонулган окутуу ыкмаларын баалоо жүргүзүлгөн.

Конкурска Туризм академиясы, Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, Кыргыз экономика университети, Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети жана Ош мамлекеттик университети катышты.

Сынакта Туризм Академиясынын “Эл аралык мамилелер” билим берүү программасы жеңүүчү болуп табылып, Кыргызстандын алдыңкы компанияларынын (“Скай Мобайл”, “Кока-Кола Бишкек Боттлерс”, “Бакай банк”) сыйлыктарын алды.

Конкурс Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Билим берүү тармагындагы сапаттын кепилдиги боюнча “EdNet” агенттиги, “Скай Мобайл”, “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” жана “Бакай банктын” колдоосу менен уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий