• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандан 100 миңге жакын медициналык беткапты алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-мартта "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө бекетинде Кыргызстандан Казакстанга беткапты аткезчилик жолу менен алып бара жаткан кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, "Чоң-Капка" бекетинде 1987-жылы туулган И.К. аттуу кыргыз жараны башкарган "Volvo FM12" унаасын текшерүү учурунда кургатылган жемиштер салынган каптарга катылган беткаптар табылган. Анда тиешелүү документтери жок 95 миң 600 даана беткап аныкталган.

Беткаптардын жалпы суммасы 1 млн 400 миң сомдон ашкан.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин айдоочу жана жүк Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

КРнын өкмөтүнүн №57 токтомуна ылайык, ушул жылдын 3-февралынан тарта медициналык дары-дармектер жана каражаттарды алты айга чейин Кыргызстандан алып чыгууга тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий