• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандан 40 тоннадан ашык күйүүчү майды мыйзамсыз ташууга аракет кылынган – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Кыргызстандан 40 тоннадан ашык күйүүчү майды аткезчилик жолу менен ташууга аракет кылынган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартында Баткендин Лейлек районунан күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып бара жаткан жеринен 4 жүк ташуучу унаа кармалды.

"Кармалган автоунаалар күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу үчүн контейнерлердеги ийдиштер менен атайын жабдылган. Айдоочулардын жүк ташуучу унааларынын өздүгүн тактаган документтери болгон эмес. Табылган контрабандалык күйүүчү-майлоочу майдын жалпы көлөмү 40 тоннадан ашык болгон", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коңшу өлкөнүн биринин жарандарына таандык кармалган автоунаалар контрабанда ишин жашыруу үчүн Кыргызстандын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонушкан.

Учурда аталган фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, өкмөттүн 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий