• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда аркарлардын саны 16 миңден ашат

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда аркар-кулжанын саны 16 миңден ашат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

"Өлкөдө Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген аркардын үч түрү бар: Марко Поло аркары, Тянь-Шань аркары жана Северцев аркары. Учурда алардын саны 16 миңден ашат", - деп билдирет агенттик.

Ошондой эле Кыргызстанда 46 миң 161 тоо теке, 4 миң 760 элик, 3 миңден ашык каман байырлайт.

Пикир

Оставить комментарий