• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандан аткезчилик жолу менен чылым алып өтүүгө аракет кылган казак жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. “Акжол унаа жолу” көзөмөл өткөрмө бекетинин чек ара кызматкерлери Кыргызстандан аткезчилик жолу менен чылым алып кетүүгө аракет кылган Казакстандын жаранын кармашкан.

1985-жылкы К.Т., аттуу Казакстандын жаранынан ттаандык болгон “Mercedes-Benz 814” автоунаасын текшерүү маалында чек ара кызматкерлери чылымдарды табышкан. Анда Тажикстандын акциздик маркасы чапталган, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Н.П., аттуу жаран мыйзамсыз жол аркылуу эч кандай документи жок Кыргызстандан Казакстанга 4980 таңгак чылым алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн алынган жүк жана кармалган жаран Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий