• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандан БАЭге эт, бал, кургатылган жемиштерди жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев “Кыргызстан - Бириккен Араб Эмираты” бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Аалиев белгилегендей, аталган форум алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча пайдалуу жана ачык диалог өтөт.

“Иш-чарага экономиканын ар кайсы тармагындагы 40 кыргызстандык компаниянын өкүлдөрү катышып жатканын белгилегим келет. Бүгүнкү аянтча эки мамлекеттин бизнесинин ортосундагы кызматташтык байланыштарды чыңдоого негиз болот деп ишенем”, - деди министрлер кабинетинин орун басары.

Ал кошумчалагандай, республика эки өлкөнүн ишкерлеринин ийгиликтүү кызматташуусу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр.

“Биздин өлкөбүз Улуу Жибек Жолунда жайгашуу менен Евразия экономикалык биримдигине жол салган аймак болуп саналат, бул бизнеске да, туризмге да кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”, - деди Аалиев.

Бизнес-форумдун ишине экономиканын түрдүү тармактарында, анын ичинде тамак-аш жана жеңил өнөр жай, IT, энергетика жана фармацевтика тармактарында иштеген 100дөн ашык өкүл катышты.

Бизнес-форумдун жыйынтыгында жалпы суммасы 3 млн 200 миң доллар сумасына эт, бал, кургатылган жемиштерди жеткирүү боюнча бир катар тышкы соода келишимдерине кол коюлду.

Төмөнкүлөр ортосунда келишимдерге кол коюлган:
• “Торо” жана Bio Agro Meat Tradin топоз этин ташуу;
• “Дордой-Балыкчы” ЖЧК жана Smart gate food, Trans Emirates Livestock Trading, Etejhat Sale of refrigerated and frozen meat LLC майда жана ири мүйүздүү малды ташуу;
• “Ноктюрн” ЖЧК жана Jiwar trade EST, Yash Herbs&Honey trading Maysalon бал ташуу;
• “Сан планет” ЖЧК жана IMXPOWER соода компаниясы кара өрүктү жана жаңгакты ташуу;
• “Аман-Гринфуд” ЖЧК жана Foodya world foodstuff trading LLC бал ташуу.

Пикир

Оставить комментарий