• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандан Иранга эт, төө буурчак, пахта буласын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү сунушталды

Экономика 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Кечээ, 26-майда Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков ал өлкөнүн тышкы иштер министринин экономикалык дипломатия боюнча орун басары Мехди Сафари менен жолугушту.

ТИМден кабарлашкандай, тараптар эки тараптуу кызматташуунун динамикасын, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашты, сооданын көлөмүн көбөйтүү жана өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн болгон потенциалды жана иштеп жаткан механизмдерди натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстандын экспорттук продукциясын Иран рыногуна жылдыруу максатында элчи Сыдыков Кыргызстандан Иранга айыл чарба продукциясын, анын ичинде этти, төө буурчакты, пахта буласын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады.

Тараптар ошондой эле 2022-жылы Бишкекте биргелешкен кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынын өткөрүүгө көмөктөшүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий