• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы “Poland Open” эл аралык мелдешине катышууда

Спорт 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы “Poland Open” эл аралык мелдешине катышууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш Польшанын Варшава шаарында 4-ноябрь күнү башталган. Ал 8-ноябрь күнү жыйынтыкталат. Кыз-келиндер арасындагы мелдештер 6-7-ноябрь күндөрү болуп өтөт.

Күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын курамы:

1. Айсулуу Тыныбекова, салмак чени – 62 кг;
2. Айпери Медет кызы, салмак чени – 76 кг;
3. Мээрим Жуманазарова, салмак чени – 68 кг;
4. Нураида Анаркулова, салмак чени – 57 кг;
5. Назира Марсбек кызы, салмак чени – 59 кг;
6. Нурбек Изабеков – башкы машыктыруучу.

Мелдеш аяктагандан кийин кыз-келиндер курамасы 9-16-ноябрь күндөрү Польшанын Спала шаарында окуу-машыгууларды өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий