• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандан Новосибирскке учуп барган 9 жаранда коронавирус аныкталды

Коом 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. S7 Airlines компаниясынын № 5542 "Бишкек - Новосибирск" каттамынын тогуз жүргүнчүсүндө COVID-19 табылды. Бул тууралуу Роспотребнадзор аймактык башкармалыгынын башчысы Александр Щербатов аймактык бийлик менен ыкчам жолугушууда билдирди.

“Алар 23-июлда келери менен обсервацияга киргизилип, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында тогуз жаранда коронавирус аныкталган. Жарандарда оорунун белгилери байкалган эмес. Новосибирск облусунда буга чейин чет жактан келген жарандарда оорунун белгилери байкалбаган учурлар катталган эмес”, - дейт Щербатов

Пикир

Оставить комментарий