• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандан тарыхый баалуулугу бар тыйындарды алып кетүүгө аракет кылган Кытай жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Кыргызстандан тарыхый баалуугу бар болушу мүмкүн болгон тыйындарды алып кетүүгө аракет кылган Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бажы кызматынан билдиришкендей, ал жаран "Бишкек-Үрүмчү" багыты боюнча учуп кетмекчи болгон.

Баалуу буюмдардын катарында:

- Ар кайсыл номиналдагы 23 даана сары металл тыйындар (болжолдуу түрдө алтын). XIX-XX кылымдарга таандык;

- Тыйындан жасалган колго тагуучу 2 билерик (болжолдуу алтындан). Ар бир билерикте бештен тыйын болгон.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий