• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандан ташылган 17 тонна алма Россияга киргизилген жок

Экономика 0

Бишкек, 24.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандан ташылган 17 тонна алма Россияга киргизилбегенин Россиянын Новосибирск облусу боюнча айыл чарба көзөмөлдөө башкармалыгы билдирди. Алмаларды “Карасук” россия-казак чек арасындагы “Карасук” өткөрмө пунктунан кармап калышкан.

Кыргыз алмасынан тышкары, Россиянын айыл чарба көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери Өзбекстандын 20 тонна хурмасын, казакстандык ар бири 20 тоннадан пияз жана томат партиясын өткөрүшкөн жок.

Продукция унаа менен Кыргызстан жана Казакстандан Новосибирск, Иркутск жана Абаканда сатууга ташылып бара жаткан.

Билдирилгендей, жүктөр продукция – өндүрүлгөн өлкөсү, экспортер жана/же реэкспортер тууралуу толук маалымат камтылган маркасыз ташылган.

Россиянын айыл чарбасын көзөмөлдөө органы продукцияларды Россиянын аймагына киргизүүгө тыюу салып, кайра жөнөттү.

Пикир

Оставить комментарий