• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандан Өзбекстанга 9,2 млн сомдук дарыларды алып өтүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Кыргызстандан Өзбекстанга 9,2 млн сомдук дары-дармектерди алып өтүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Жер участкасында Өзбекстанга бара жаткан М.М. аттуу кыргыз жаранын башкаруусундагы «ВАЗ210740» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда жалпы баасы 9 млн 290 миң 700 сомду түзгөн «Инфера» дарылары табылган.

М.М. Кыргызстандан Өзбекстанга бажы көзөмөлү жок товарларды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган.

Жагдайлар такталганга чейин аталган унаа Ош шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий