• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандан Өзбекстанга “Достук” марафону старт алды

Коом 0

Ташкент, 28.08.18. /Кабар/. Ош шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына, өзбек акыны, мамлекеттик ишмер М.Бабурдун 535 жылдыгына, Кыргызстандын жана Өзбекстандын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган марафон башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысына Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймак боюнча өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы Замирбек Казыбеков билдирди.

Анын айтымында, марафонго кыргызстандык Сатвалды ажы Хусанов (74 жашта), Зулумбек Хабибуллаев (69 жашта) жана Курсанбек Сыдыков (48 жашта) катышат. Марафондун жалпы узундугу 540 чакырымды түзөт. Алар 430 чакырымды чуркап өтүшүп, “Камчик” ашуусунан унаа менен өтүшөт. Ташкентке 9-сентябрда жетүүнү пландашууда.

“Марафондун максаты – Кыргызстан менен Өзбекстандын достугунун бекемделишине, кыргыз жана өзбек элдеринин дипломатиясынын андан ары өнүгүшүнө салым кошуу,” – деди Казыбеков.

Спортчуларды чек арага чейин Кыргызстандын, андан ары Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү коштоп барат. Андан сырткары алардын жанында автоунаада дарыгерлер болушат.

Буга чейин марафончулар Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош аралыгын басып өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий