• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандан жөнөтүлгөн анализдер РФнын COVID-19 боюнча референс-борборунда изилденди

COVID - 19 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. Кыргызстандан жөнөтүлгөн анализдер Россиянын COVID-19 боюнча референс-борборунда изилденди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, SARS CoV-2 коронавирустук жаңы инфекциянын келип чыгышын изилдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адам бакубаттуулугун көзөмөлдөө федералдык кызматынын "Вектор" вирусология жана биотехнология мамлекеттик илимий борборунун коронавирустук инфекциялык ооруларына мониторинг жүргүзүү боюнча референс-борборуна республиканын ар түрдүү лабораторияларынан чогултулган лабораториялык жактан тастыкталган биоматериалдын 20 үлгүсүн жөнөтүү маселесин көтөрүп чыкты.

Борбордо SARS CoV-2 изоляттарын генотиптөө жана культивациялоонун натыйжалары боюнча, бардык 20 үлгүдөн жогорку цитопатогендик таасирге ээ үч үлгү бөлүнүп алынды.

SARS CoV-2 РНК камтыган 3 үлгү филогенетикалык анализден кийин ырааттуулукту даярдоо жана жүргүзүү үчүн колдонулган.

SARS CoV-2 жаңы короновирустун изоляттарынын нуклеотиддик ырааттуулугунун негизинде алынган филогенетикалык дарак изоляттардын ар түрдүү филогенетикалык бутактарга таандык экендигин көрсөтүп, алардын тыштан алынып келингенин жана кийинки эволюциясын көрсөтөт. Изилдөөнүн натыйжалары эң жакын нуклеотиддердин тизилиши төмөнкү өлкөлөрдө табылганын көрсөткөн:
1. Швеция, Россия;
2. АКШ, БАЭ, Швеция;
3. Оман.

Бул үч үлгү Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адам бакубаттуулугун көзөмөлдөө федералдык кызматынын "Вектор" вирусология жана биотехнология боюнча мамлекеттик илимий борборунун жалпы коллекциясында сакталмакчы.

Жогоруда айтылган илимий изилдөө ушул жылдын май айында алынган үлгүлөр менен жүргүзүлгөн, б.а. туруктуу мезгилде, Кыргыз Республикасынын аймагында чектөөчү чараларды жана карантинди киргизүү учурунда алынган үлгүлөр.

Учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги ушул жылдын июль-август айларында эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашып жаткан мезгилинде толук геномду андан ары изилдөө жана кайрадан тестирлөөдөн өткөрүү үчүн, ДССУнун Германиядагы референс-лабораториясына 100 үлгүнү жөнөтүүнү пландаштырууда.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан биргелешкен SARS CoV-2 жаңы коронавирустук инфекциянын толук геномун изилдөө чектөөлөр мезгилинде (2020-жылдын май айы) жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдашкан мезгилинде (2020-жылдын июль-августу) алынган маалыматтар менен салыштыруу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий