• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандан жыл башынан тарта экспорттолгон айыл чарба продукциясынын көлөмү

Экономика 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Өсүмдүктөрдү химизациялоо, карантиндик коргоо департаменти тарабынан жыл башынан тарта 263 млн 881 миң 85 тонна айыл чарба продукциясы, 684 миң 397 даана көчөт жана 52 млн 775 миң 9 куб метр жыгач сыртка экспорттолгон.

Атап айтканда:
- 1066 тонна үрөн
- 684 миң 397 даана көчөт
- 38 миң 556 тонна кылкандуу дан эгиндери
- 113 миң 543 тонна жашылча
- 14 миң 340 тонна картошка
- 1400 тонна коон
- 19 миң 137 тонна жемиш
- 28 миң 469 тонна кургатылган жер-жемиш
- 20 миң 132 тонна жаңгак
- 25 млн 756 миң 85 тонна өнөр жай товарлары

Ведомствонун маалыматына ылайык, айыл чарба продукциялары негизинен ЕАЭБге кирген өлкөлөргө жана коңшу мамлекеттерге экспорттолгон.

ЕАЭБдин Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык, экспорттолгон товарларга текшерүү жүргүзүлүп, продукциянын үлгүлөрү алынды жана талапка ылайык эрежелер сакталды.

Пикир

Оставить комментарий