• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанды алдыда кең келечек күтүп турат - Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 12-июль /Салтанат Абдаева - Кабар/. Кыргызстанды алдыда кең келечек күтүп турат. Бул тууралуу мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү абал акыркы жылдары олуттуу түрдө өзгөрдү. “Биз өсүп, өнүгүүдөбүз. Учурда өлкөдө кимдир бирөө жарыкты өчүрүп коет деп коркпой калышты. Тескерисинче, биз аларга өчүрүп кое алабыз. Жолдор курулууда. Өлкөдөгү долбоорлор иштеп баштаса, биз күчтүү жана өнүккөн өлкө болобуз. Бизди алдыда кеңири келечек күтүп турат. Ырда айтылгандай өлкөбүздө “Биз жеңип чыктык”, - деди Атамбаев.

Ошондой эле, мамлекет башчысы өлкө өз багытын тапканын жана ал боюнча ишенимдүү бара жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий