• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанды газдаштыруунун деңгээлин 50% чейин көтөрүү керек - Абылгазиев

Экономика 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Кыргызстанды газдаштыруунун деңгээлин 50%га чейин көтөрүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өтүп жаткан өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтуусу боюнча “Газпром” компаниясы өлкөнү газдаштырууга 16 млрд. рубль салды.

“Жарандарыбызды жана өндүрүштү газ менен камсыз кылуу боюнча дүйнөдөгү эң чоң компания болуп эсептелген “Газпром” компаниясы калктын 30%ын газ менен камсыз кылды. Муну дагы биз өркүндөтөбүз. Алдыга чоң максаттар коюлду. Келечекте Россия менен болгон соода сатыгыбызды 2 млрд. доллардан ашырышыбыз керек. Жакында “Газпром” компаниясынын директору Алексей Миллер менен жолугушуу болуп өттү. Ошол компаниянын Кыргызстандагы жетекчиси Болот Абилдаев менен да жолугуштук. Өлкөнү газдаштыруунун деңгээлин 50%га жеткиришибиз керек”, - деди ал.

Абылгазиев билдиргендей, Росиянын президенти В.Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз мунай зат жана нефти боюнча жол картасына кол коюлду.

“Мүмкүн болушунча ошолор менен чогуу иштешип, биздин өндүрүш тармакка тартышыбыз керек. Себеби дегенде өзүбүздүн газ жана нефти боюнча биздин өзүбүздүн корлорубуз бар, кен байлыктарыбыз жетишет, биз аларды инвестор катары келишин каалап жатабыз. Азыр жол картасы иштелип чыгат. Бир эле компанияга берип коебузбу деген сөздөр да айтылып жатат, бирок "Газпром" сыяктуу компаниялардын келиши үчүн баардык өлкөлөрдө атаандаштык бар. Европа жана АКШ мамлекеттери "Газпром" менен иштеш үчүн күрөшүп жатат. Биз муну баалашыбыз керек. Ошондуктан баардыгын бир компанияга берип коебузбу деген ойлор туура эмес. Ушундай ири компаниянын Кыргызстанга келиши - бул экономикага жасалган чоң салым. Мындай сөздөрдү экономикага түшүнүгү жок же болбосо Кыргызстандын экономикасында газ, мунай зат чөйрөсү өсүп-өнүгө турганына “ичи таарынган” адамдар айтат. Ошондуктар биз, жетекчилер туура саясат алып барышыбыз керек”, - деди премьер-министр.

Ал белгилегендей, "Газпром" сыяктуу компаниянын Кыргызстанга келиши социалдык-экономикга чоң салым болот. Канча жумуш орун түзүлөт. Баардыгын туура эсептеп, кыргыз экономикасына чоң пайда алып келе турган болсо туура чечим кабыл алуу керек.

Ошондой эле Абылгазиев “Жер-үй” компаниясы менен 600 млн.долларга түзүлгөн келишим тууралуу да эскертти.

Андан тышкары өкмөт башчы кыргыз-орус регион аралык конференциянын алкагында Росгеология менен 1,2 млрд.долларлык келишимге кол коюлгандыгы тууралуу да айтты.

Пикир

Оставить комментарий